Чүйдө таштанды жайлары кыскарды

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Чүй облусунда мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайларды жоюу жана калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштердин натыйжасында алардын саны 17ден 14кө чейин азайды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери облустагы таштанды төгүүчү жайларды текшерип, бир катар экологиялык мыйзам бузууларды аныкташты.

Атап айтканда, уруксатсыз таштанды жайлары, өзүнөн-өзү өрт чыгуу, биологиялык калдыктардын тиричилик таштандылары менен аралаштырылышы жана санитардык талаптардын сакталбашы катталган.

Текшерүүнүн алкагында таштанды жайлары дрондор аркылуу катталып, суу жана топурактан үлгүлөр алынды. Мыйзам бузуулар боюнча жооптуу адамдарга көрсөтмөлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү.

Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте эски таштанды жайларын жабуу жана коңшу айылдардын таштанды төгүүчү жайларын борборлоштуруу иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада, Чүй облусунда таштанды төгүүчү жайлардын саны үчкө кыскарып, 17,6 пайызга азайды.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X