«Кыргыз почтасы» автоунаанын номерлерин, техпаспортторун жеткирип берет
«Кыргыз почтасы» ААК автоунаалардын мамлекеттик каттоо номерлерин жана техникалык паспортторун көрсөтүлгөн дарекке жеткирүү кызматын сыноо иретинде ишке киргизди.
Жаңы кызмат алгач Бишкек шаарында автоунааны кайра каттоодон өткөрүүдө жеткиликтүү болот. Жарандар жеткирүү кызматын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу тандай алышат.
Эгерде унаа ээси мурдагы мамлекеттик номерин сактап калса, ага техникалык паспорт гана жеткирилет. Ал эми мамлекеттик номери өзгөртүлгөн учурда номер белгилери жана техникалык паспорт бирге жеткирилет.
Документтер «Кыргыз почтасынын» кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенден кийин төрт сааттын ичинде көрсөтүлгөн дарекке жеткирилет.
Жеткирүү кызматынын акысы өзүнчө эсептелип, аралыктын узактыгына жараша аныкталат.
Мекеме бул демилге мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталганын белгиледи.