Бишкек шаардык транспорт айдоочуларды жана слесарларды издейт
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы коомдук транспорт тармагындагы кадрлардын санын көбөйтүү максатында автобус айдоочуларын, көзөмөлчүлөрдү жана слесарларды жумушка кабыл алат.
Ишкананын маалыматына ылайык, автобус айдоочусу болууну каалагандар «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүккө ээ болуп, кеминде үч жылдык айдоочулук стажы болушу керек.
Мындан тышкары, 20 көзөмөлчү жана транспорт каражаттарын оңдоо боюнча 20 слесарь талап кылынат. 
Жумушка орношуу шарттары жана кошумча талаптар тууралуу маалыматты ишкананын кадрлар бөлүмүнөн алууга болот.
Дареги: 7-Апрель көчөсү, 4/1Б.
Байланыш телефону: 0312 531 789.