Ички иштер министри айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Ички иштер министрлигинде 8-Март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда кызматтык ишинде жогорку ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

«Азыркы учурда аялдар коомдун экономикалык жана саясий турмушуна, мамлекеттик бийлик органдарынын, ички иштер органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине активдүү катышууда. Сиздерге ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун!», — деди министр Улан Ниязбеков.

7-март, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Жаңылыктар 58

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X