Ички каттамдарды көбөйтүү пландалууда
Республиканын аймагындагы аба каттамдарын көбөйтүү маселеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, анда ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча программанын долбоорун даярдоону тапшырды.
Расмий маалыматка караганда, жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт.