Идиш жууган каражаттан күйүк алган балдар көбөйүүдө
Химиялык каражаттардан күйүк алып кайрылган наристелердин арасында, идиш жуугуч затты билбей ичип алып кызыл өңгөчү күйгөн балдар биринчи орунга чыкты.
Бул тууралуу Медицина илимдеринин доктору, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы Талант Өмүрбеков билдирди.
Анын айтымында, идиш жууган каражаттын курамы щелочтон тургандыктан күйүктүн эң оор абалына кептейт.
«Балдардын химиялык каражаттардан күйүк алуусунда көбүнесе ата-энелердин шалаакылыгы себеп болууда. Наристелер минтип жабыркаган учурлар сап башына чыкты», — деди Өмүрбеков.