ИИМ ALA-TOO RESORT ачылышында коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында 1-декабрда мамлекеттик ALA-TOO RESORT эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышы өтөт. Иш-чарага байланыштуу Ички иштер министрлиги тургундарга жана конокторго коопсуздук эрежелерин сактоо жана жол жүрүүнү алдын ала пландоо боюнча эскертүү жасады.

ИИМдин маалыматына ылайык, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде иш-чарага жеткирүү, транспорттук жана уюштуруу кызматтарын көрсөтүү боюнча ар кандай сунуштар таралууда. Айрымдар кызмат көрсөтүү үчүн алдын ала акча которууну талап кылышууда.

Министрлик жарандарды мындай сунуштарга этият мамиле кылууга чакырат. Белгисиз адамдардын телефон номерлерине жана банктык эсептерине акча которбоо, текшерилбеген ортомчуларга ишенбөө жана сунуштардын расмий экендигин тактоо зарыл.

Мындан тышкары, курортко баруучу жолдун тоолуу рельефин жана кышкы аба ырайын эске алуу керек. Ачылыш өтүүчү жайга түз жетүү атайын өтүмдүүлүгү жогору, толук дөңгөлөктүү унаалар менен гана мүмкүн.Возможно, это изображение текст

Коноктор үчүн Жыргалаң айылында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат. Ал жерден ачылыш аземине чейин жол тандабас унаалар менен борборлоштурулган ташуу камсыздалат. Иш-чара бүткөндөн кийин коноктор кайрадан унаа токтотуучу жайга жеткирилет.

Ушуга байланыштуу ИИМ катышуучуларды жеке унааларын белгиленген жайга калтырууга, уюштурулган транспортту пайдаланууга жана татаал жол тилкелеринен өз алдынча өтүүгө аракет кылбоого чакырат.

Ошондой эле конокторго аба ырайын эске алып, сапарын алдын ала пландоо жана кайра жеткирүүчү транспорттун графигине ылайык өз убагында келүү сунушталат.

ИИМ коопсуздук эрежелерин сактоо, уюштуруучулардын көрсөтмөлөрүн аткаруу жана акча которууда этият болуу жагымсыз жагдайлардын алдын алууга жардам берерин белгиледи.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X