Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов Кыргызстанда 25 миңдей видео камера орнотулганын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, буга чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өлкөдө 12 миң камера коюлган. Эми “Коопсуз өлкө” долбоору ишке ашса шаар, айылдарда 25 миңдей камера иштеп, министрликтин борбордук тутумуна кошулат.
“Мисалы, биз Бишкекте туруп эле Чаткалда же Нарында, ошондой эле ар бир айылда эмне болуп жатканын көрө алабыз. Андан тышкары мектептердеги абалды да байкап, көрүп турабыз”, — деди ал.
Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган.