ИИМ: «Каржы пирамидасы жарандарды алдоо менен өнүгүп жатат”

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 40

Ички иштер министрлиги жарандарга каржы пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө жана жарандарга «инвестициялардын» ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет.

ИИМден билдиришкендей, өлкөдө жыл сайын он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ал эми каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.

Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат. Жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

«Ал эми көпчүлүк жабырлануучулар акчаларынан кол жууганына моюн сунушуп, алдамчыларга карата эч кандай аракет көрүшпөйт. Анын натыйжасында башка адамдарды алдоону улантууга өбөлгө түзүлүүдө. Эгер сиз алданып калган болсоңуз, анда мыйзам чегинде укугуңузду коргоого аракет кылыңыз!», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ эскертет! Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жатат деп шектенип жатсаңыз — Ички иштер органдарына токтоосуз кайрылыңыз.

Ички иштер министрлиги жарандарга мамлекеттин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктар, ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат.

 

5-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X