ИИМ кызматкерлеринин майрамга карата даярдыгы текшерилди
Бүгүн, 18-мартта Нооруз майрамына карата ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппаратына, адистештирилген ротасынын өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чара начальниктин орун басары Б.Ашырбековдун жетекчилиги астында өттү.
Маалыматка ылайык, Коопсуздукту сактоо кызматкерлерине майрамдык салтанат учурунда кызматтык тартипти бекем сактоо жана жарандарга сылык мамиле жасоо эскертилди.
Ошондой эле, алардын кызматтык кийимдерин жана шаймандарын талаптагыдай абалда кармоо талап кылынды. Мындан тышкары, жаз-жай мезгилине кызмат өтөөгө даяр экендигин текшерүү жүргүзүлдү.