ИИМ: Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам тергөө иштери азырынча ачыкталбайт
«Тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам тергөө иштери азырынча ачыкталбайт. Учурда өлкөнүн бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө иш-чаралары тынымсыз уланып жатат. Ички иштер министринин тапшырмасы боюнча, дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүүдө»,- деп бүгүн ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.