Ийгиликтүү иш сапар
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 3-июндан 6-июнга чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болду. Иш сапарында Шейх Мансур ибн Заид Аль Нахайяндын ишенимдүү адамы, “K and К Group” компаниясынын башкы директору, профессор Тажеддин Сейф менен жолукту. Жолугушууда Бишкек мэриясы менен Абу-Даби жана Дубай шаарларынын бизнес жана муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле аталган шаарлардын ортосундагы боордоштук байланыштарды түзүүнү тездетүү жөнүндө да макулдашылды. Мындан сырткары мэр келечектүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. Алсак, “Бишкек Сити” көп функционалдуу кварталынын концепциясы, темир жолду шаардан чыгаруу, транспорт маселелери, катуу жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү заводдун курулушу, Бишкекке монорельстүү транспорт системасын түзүү, Кара-Жыгач токоюн, Ала-Арча, Аламүдүн дарыясын көрктөндүрүү, ЖЭБ-2 реконструкциялоо, Ч.Айтматов проспектиси-Масалиев көчөсүнүн боюндагы бульварды жакшыртуу жана башка маселелер айтылды.
БАЭ тарап бул долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экенин билдирип, кызматташуунун бир нече варианттарын инвестиция салуу, МЖӨ кызматташуусу жана гранттык жардамдарды сунуштады.
Мындан соң Эмилбек Абдыкадыров маалымат технологиялары менен алектенген “Royal group of technologies” компаниясынын ээлери менен жолукту. Жыйынтыгында компания Бишкек шаарындагы “Акылдуу шаар” системасына аудит жүргүзүү жана өзүнчө пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү чечимин кабыл алды. Бул компания “Акылдуу шаар” долбоорлорун Россия, Казакстан, Өзбекстан, Мексика ж.б. өлкөлөрдө ишке ашырган.
Ал эми заводдорду экологиялык жактан таза технологиялар менен курган америкалык “ReMining Corporation” компаниясынын директоруна алар тараптан аудит жүргүзүп, комбинатты куруу боюнча коммерциялык сунуш берүүсүн макулдашышты.
“Меридиан Эко Система” компаниясынын ээси Дмитрий Агасаров менен жолугушууда медициналык калдыктарды плазма-химиялык жок кылуу, б.а. калдыктарды өндүрүү менен утилдештирүү боюнча заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тууралуу сүйлөшүлдү.