Акыркы төрт жылдын ичинде өлкөбүз экономикалык, социалдык жана илимий‑техникалык жактан өнүгүп-өсүп, элдин турмуш деңгээли бир топ жогорулады. Мугалимдер менен медицина кызматкерлерине болгон мамлекеттик колдоо жана социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдө бир катар маанилүү кадамдар жасалды. Ошондой эле билим берүү тармагында жаңы демилгелер көтөрүлүп, китептерди басып чыгаруу жана жаштарга шарт түзүү менен руханий өнүгүү көзгө көрүнөрлүк деңгээлде жүрүүдө.
Коррупцияга каршы күрөш жана тартипти бекемдөө боюнча жүргүзүлгөн иштер элдин ишенимин арттырып, мамлекеттин келечегине үмүт берип жатат. Мындан тышкары, мамлекеттик ипотека программаларынын ийгиликтүү ишке ашуусу менен миңдеген жарандарыбыз турак‑жайлуу болуп, бул социалдык теңдикти чыңдоо багытындагы олуттуу кадамдардын бири болуп калды.
Жазуучу, коомдук ишмер Рахат Аманова:
— Акыркы төрт жылдык мезгил аралыгында бийлик өз ишмердүүлүгүн элдин муктаждыктарына арнап келе жатат. Социалдык, экономикалык жана тартип маселелерин чечүүгө олуттуу кадамдарды жасады деп эсептейм. Мисалы мугалимдер менен медициналык кызматкерлердин эмгек акысынын көтөрүлүшү коомчулукта абдан ыраазычылыктарды жаратты. Бул кадам билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердин моралдык жана материалдык абалын жакшыртып, эмгекке болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. Мурда бай же бийлиги күчтүү адамдардын жеке менчигине өтүп кеткен социалдык объектилер жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул кадам мамлекеттик ресурстарды элдин керектөөсүнө кайра кайтаруу аркылуу социалдык теңсиздикти азайтуу максатын көздөдү. Мамлекет акын-жазуучулардын чыгармаларын каржылап, китептерди басып чыгарып, китепканаларга жеткирүү ишин колго алды. Бул демилге улуттук маданиятты сактап калуу жана кийинки муундарга адабий мурастарды жеткирүү багытындагы чоң иш болду. Коррупцияга каршы мамлекеттик деңгээлде күрөшүү аракеттери коомдо айкын байкалды. Жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлүп, мыйзамдуулукту орнотуу аракеттери күч алды. Кылмыштуу топторго жана ашынган диний фанатизмге каршы көрүлгөн чаралар коомдогу туруктуулукту сактоого чоң салым кошту. Мыйзамдуулук бекемделип, коомдук тартип акырындап калыбына келүүдө. Андан сырткары сөзсүз айта кетчү нерсе – ипотекалык программалардын ийгилиги. Мамлекеттик ипотека программаларынын негизинде карапайым эл, анын ичинде мигранттар, жеңилдетилген шарттарда үйлүү боло башташты. Бул реформа социалдык абалдын жакшырганын көрсөтөт. Мугалимдер менен медициналык кызматкерлердин статусунун көтөрүлүшү алардын коомдогу ордун бекемдеп, кесиптерин кадырлоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түздү. Акыркы төрт жылдагы жетишкендиктер Кыргызстандын келечегине болгон ишенимди арттырууда. Мындай прогрессивдүү кадамдар коомдун ар бир катмарынын турмушун жакшыртууга багытталган чоң аракеттердин жемиши экендиги талашсыз. Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди күтөбүз!
ОшМУнун окутуучусу
Мелис Маматжанов:
— Чынында, акыркы 4-5 жыл аралыгында мамлекетибизде жакшы иштер арбын жасалды. Өзүм иштеген ОшМУнун мисалында айта турган болсом – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров атайын Жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде өлкөдөгү 11 жогорку окуу жайга, анын ичинде Ош мамлекеттик университетине “Өзгөчө макам” берилди. Азыркы күнгө карата 1 (бир) ставка үчүн оклад менен үстөк акы, педагогикалык стажы биригип илимдин доктору, профессорго 73465 сом, илимдин кандидаты, доцентке 62952 сом, улук окутуучуга 48039 сом, окутуучуга 42877 сом айлык акы чегерилет. Ал эми, орто кесиптик билим берүүдө илимдин доктору, окутуучуга 61398 сом, илимдин кандидаты, окутуучуга 54328 сом, адис/магистр, бакалавр квалификациясы бар окутуучуга 44258 сом, окутуучу бакалаврларга 38211 сом эмгек акы төлөнүп жатат. Акыркы беш жылдын ичинде университетке жалпы 529 807,4 (сом) түз инвестиция тартылды. Университет билим берүү, илим, өндүрүш жана коммерция чөйрөлөрүндө чоң кадамдарды жасады. Маселен, QS Stars эл аралык рейтингинде 4 жылдыз алып, Азиядагы алдыңкы 260 университеттин жана Борбордук Азиядагы 13 мыкты университеттин катарына кирдик. Бул биздин университеттин сапаты жана эл аралык таанымалдыгы өскөнүн далилдейт. ОшМУ илимди өндүрүш менен айкалыштырып, медициналык жана ветеринардык клиникаларды ачты. Ошондой эле робототехника боюнча Борбор Азиядагы алгачкы «Келечек муундун ХАБы» ачылды. Акыркы төрт-беш жылда 20дан ашык окуу корпустары жана жатаканалар курулуп, толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Биздин «Ак-Буура» кампусубуз заманбап инфраструктурасы менен студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууда. Алдыда 9 кабаттуу жатакана, IT парк, спорт комплекстер, жабык типтеги автоунаа токтотуучу жайлар сыяктуу масштабдуу долбоорлор бар.
Манасчы РЫСПАЙ ИСАКОВ:
— Соңку жылдарда маданиятка болгон көңүл буруу абдан жакшырды. Жалпы кыргыздын сыймыгы болгон «Манас» эпосун айтуучулардын театры түптөлүп, ага дароо Улуттук деген макам ыйгарылды. Көп өтпөй, ал театрга төкмө акындардын жана дастанчылардын башы бириктирилди. Баары мамлекеттен айлык ала баштады. Ошону менен катар эле театрга жаңы имарат курулду. Мунун баары эң жакшы ийгиликтер деп эсептейм.
Тилчи, илимпоз Бурулсун Бабашева:
— Акыркы төрт жыл аралыгында Кыргызстан эгемендик алгандан бери чечилбей келе жаткан маселелердин бири – “Кум Төр” компаниясынын тегерегинде болуп келе жаткан ызы-чуу эле. Мына ушул “Кум Төрдү” улутташтыруу биздин элди эле эмес, дүйнөнү дүңгүрөткөн окуя болду. Эң алгачкы жаңылык жана ийгилик деп эсептейт элем. Дагы айта кетсек, мамлекеттин, элдин жыргалчылыгы, жашоо ыңгайы үчүн жасала турган иштердин бири – ГЭСтерди куруу болчу. Бизде чакан ГЭСтерди куруу иштери токтоп калган эле. Алсак, коңшулаш Өзбекстан мамлекетинде суусу аз дегенибиз менен, алар эгемендик алган жылдардан бери карай, ушул күнгө чейин эле 39 чакан ГЭС куруп алышкан экен. Акыркы төрт жылдыктын ичинде бизде, Кыргызстанда да ушундай чакан ГЭСтер курулуп, Жалал- Абадда “Кайнама”, “Көк Арт” аттуу чакан ГЭСтер иштей баштады. Айрым жерлерде курулуп жатат. Ал эми “Камбарата” ГЭСинин курулуу иштери аяктап, колдонууга берилсе, бул да мамлекетибиздин өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот.
Учурда коомчулуктун назарын буруп жаткан жакшы иштердин бири – бул жемкорлукка каршы күрөш болууда. Жемкорлукка каршы күрөштүн негизинде өлкө казынасы да толукталып жатат. Алган маалыматтарыбызга караганда көп суммадагы акча жана мүлктөр мамлекеттин эсебине кайтарылып алынган. Бул мурда болуп көрбөгөн жакшы иштин жыйынтыгы деп түшүндүк. Пенсионерлердин пенсиясы, көп балалуулардын жөлөк пулу көбөйтүлүп, эл ыраазы. Андан сырткары жеке ишкерлерди ар тараптан колдоо болууда. Билим берүү тармагында да чоң өзгөрүүлөр болууда. Мисалы – окуу программасына Адеп, Диндердин тарыхы сабактарынын киргизилиши да чоң жаңылык деп эсептейм. Албетте илим-билимге гана эмес, улуттук руханият, нарк-насил маселесине да олуттуу деңгээлде көңүл бөлүнүп, бир катар алгылыктуу иштер жасалганын коомчулук билет.
Акын, Жогорку адабий курстун
угуучусу Максуда Ормонова:
— Буга чейинки отуз жыл аралыгында болуп көрбөгөндөй жакшы өзгөрүүлөр болууда, өзүм адабият чөйрөсүндө жүргөн соң албетте белгилей кетейин. Былтыр, 2024-жылы акын-жазуучуларды мамлекет колдоп, китептерин чыгарып берди. Быйыл Жогорку адабий курс ачылды. Андан сырткары жолдор сонун болуп оңдолууда. Шаарыбыз көрккө бөлөнүүдө. Мурда карапайым эл тыгылып маршруттук таксилерде жүрсөк, азыр алардын баарын жоюп, жапжаңы автобустарды ишке киргизишти. Көптөгөн айдоочулар иш менен камсыз болушту. Эл турмушу кадыресе оңолду. Санариптешүү аркылуу көптөгөн документ иштери мурункудай чоң көйгөйгө айланбай, таза, так иштелиши да эң жакшы болду. Мурда кайда барсаң да узун кезекке туруп, канча бир убаракерчилик менен араң бүткөн иштер азыр оңой болуп калды. Ошондой эле узак жылдар бою чечилбей келген кыргыз-тажик чек ара маселеси да оң жагына чечилип, элдин санаасы тынчый түштү. Айтор, кыска аралыкта эле өлкөбүздө зор жетишкендиктер болду десек жаңылбайбыз.
Махабат САИДРАХМАНОВА