Индия океанында таштанды аралы пайда болот
Англиялык архитекторлор океанда чогулган таштанды менен көрүшүүнүн жаңы жолун табышты. Алардын айтымында, таштандыдан жасалма аралды курса болот. Долбоордун автору Марго Красоевич Recycled Ocean Plastic Resort деп аталган эс алуу жайын толугу менен желимден алынган материалдардан куруларын маалымдады. Ал эми аралдын фундаменти суунун деңгээли көтөрүлгөндө сиңирип, азайганда сууну бөлүп турган касиетке ээ болгон заттан жасалат.
ТАР тоо-кен компаниясы тарабынан каржыланган долбоор экологияны сактоого багытталган. Эс алуу жайы алгачкы конокторун 2025-жылы кабыл алары пландалып жатат.