Индия Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер жана маданият министри Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Министр Менакши Лекхи иш сапарында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен бирге Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин эстелигине гүл коюп, Мамлекеттик тарых музейи менен таанышып чыкты.