Индонезиянын Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында жайгашкан Левотоби Лаки-Лаки вулканы атыла баштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кооптуу жагдайдан улам өлкөнүн Вулканология агенттиги жергиликтүү элге жана туристтерге вулканга сегиз чакырымга чейин жакындоого тыюу салып, тынчтыкты сактоону жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнү сунуштады.
Мекеме ошондой эле вулкан коркунучу эң жогорку баскычка көтөрүлгөнүн кошумчалады.