Инвестиция, туризм жана экология. Ысык-Көл үчүн жаңы стратегия сунушталды
Кечээ Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Каджи-Сай айылындагы Nomad Camp эс алуу жайында «Тескей Ысык-Көл» аттуу аймактык маданий-өнүктүрүү жана инвестициялык форум өттү. Иш-чара аймакты 2035–2040-жылдарга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын талкуулоого арналды.
Форумдун демилгесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рахат Жунушбаева көтөрүп чыгып, анын негизинде «Тескей Ысык-Көлдү» өнүктүрүүнүн комплекстүү концепциясы иштелип чыкты. Документ түштүк жээктин бирдиктүү өнүгүү багытын аныктоону максат кылат.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, ата мекендик жана чет элдик инвесторлор, бизнес-коомчулук, эксперттер, жарандык коом өкүлдөрү жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунун тургундары катышты.
Форумдун негизги бөлүгүндө концепциянын бет ачары жасалып, анда аймакты экологиялык туруктуулукка, инновацияларга, жашоо сапатын жогорулатууга жана туризмди өнүктүрүүгө таянган заманбап модель катары калыптандыруу сунушталды.
Жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алып, концепциянын жалпы багытын бир добуштан колдошту. Документте Ысык-Көлдүн түштүк жээгин жаратылыш, адам жана технология шайкештигине негизделген туруктуу туризмдин эл аралык аймагына айлантуу максаты белгиленген.
Өнүгүүнүн негизги багыттары катары инфраструктураны жаңылоо жана беш ири кластерди түзүү каралган:
- Экологиялык туризм кластери — «Тескей» геопаркынын түзүлүшү, «Таза Тескей» программасы, «Бир турист — бир дарак» демилгеси жана экостандарттарды киргизүү;
- Маданий-туристтик кластер — улуттук мурастарды сактоо, «Салбуурун» борбору, туристтик айыл статусу жана маданий жайларды өнүктүрүү;
- Спорттук-туристтик кластер — Олимпиадалык даярдык борбору жана экстремалдык спорт инфраструктурасы;
- Дарылоо-рекреациялык кластер — санаторий-курорттук комплекстер жана эл аралык реабилитация борборлору;
- Агротуризм жана гастрономиялык кластер — органикалык айыл чарба, жергиликтүү бренддерди өнүктүрүү жана фермердик туризм.
Мындан тышкары, форумдун катышуучулары концепцияны ишке ашырууну координациялоо үчүн атайын дирекция жана Министрлер Кабинетине караштуу кеңеш түзүү демилгесин сунушташты.
Кабыл алынган резолюциянын аткарылышын көзөмөлдөө Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева жетектеген жумушчу топко жүктөлдү.
Форум Ысык-Көлдүн түштүк жээгин узак мөөнөттүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөрдүн бирдиктүү иш алып барууга болгон кызыгуусу жогору экенин көрсөттү.