Ипотекалык үйлөрдү ар бир жаран алганга шарт түзүлдү

Өткөн аптада Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ипотекалык насыялоо үчүн арналган турак жай комплексин курууга мезгил кутусун салды.

Коомчулукка маалым болгондой, Бишкек шаарынын 11-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 9,64 гектар жер тилкелери “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилген. Андан соң “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу максатында борбор калаада көп функционалдуу турак-жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлгөн. Үйлөр курулгандан кийин инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында жалпы аянты 40 050 м2 болгон 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт. Бул жалпыбызды кубандырган абдан чоң иш. Бүгүнкү күндө калайык калк күткөн эң зарыл долбоор ишке ашканы турат десек жаңылышпайбыз. Анткени, 30 жылдан берки тарыхта бир да жетекчи турак-жай маселесине баш катырбагандыктан бүгүнкү оор абалга кептелип, жумурай журтубуз жасалма кооператив түзгөн шылуундарга алданып жатышат.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн дешибиз керек, Садыр Жапаров бийликке келери менен калкты арзан турак-жай менен камсыздоо иши дароо колго алды. Президенттин демилгеси менен Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан «Менин үйүм 2021-2026» программасын иштелип чыгып, ал ийгиликтүү аткарыла баштады. Ага чейин Мамлекеттик ипотекалык компания «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» турак-жай программасын ишке ашырууда бюджеттик тармактарда иштеген жарандарга 14%дан баштап ипотека берип келген. Компаниянын каржылык мүмкүнчүлүгүнө карап пайыздык чендерди улам арзандатып отуруп 4-6%га чейин түшүргөнгө шарт жаралды.

2021-жылы «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке киргенден кийин бюджеттик тармакта эле эмес жеке тармактарда расмий иштеген жарандар да 8%дан мамипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Былтыртан тарта турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилип калктын аярлуу катмарына Социалдык ипотека багыты киргизилди. Ошол жылы кирген өзгөрүүлөргө ылайык калктын аярлуу катмарлары иштеген жерине карабастан 4%дан ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ага катар 25 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Бул жерде мурдагы программалардан кескин айырмаланган дагы бир жери, кардарлардан баштапкы төлөм талап кылынбайт. Керектүү документтерин тапшырып кезекке тура беришет. Төлөө убактысы узак мөөнөткө берилгендигине байланыштуу үстөк пайыз бир кыйла төмөн болот.

Баарыбызга маалым, жыл сайын турак-жайга муктаж адамдардын саны өсүүдө. Эми бул көйгөйдү чечүү жолуна түшкөндүгүнө албетте шүгүр дешибиз керек. Элибиздин көбөйгөнү – жалпыбыздын байлыгыбыз. Демек, турак-жай маселесин көз жаздымда калтырбоо зарыл. Чындыгында эле азыр чоң көйгөйгө айланып, үйгө муктаждар өтө көбөйдү. Маселен, 2023-жылдын ичинде эле ипотекалык компанияга 38 миң 209 адам турак жайга кезекке турганы маалым болду. Электрондук порталда 100 миңге жакын адам (99 931) кезекте экен. Анын ичинен 2015-жылдан бери Мамлекеттик камсыздандыруу комитети аркылуу 9 346 адам ипотекага жетип үйлүү болуптур, бул абдан жакшы көрүнүш, муну токтотпош керек. Элди ойлондурган көйгөйдү колго алып, азыркы дем менен аракет кылуу зарыл. Турак-жай маселесин чечүүгө принципиалдуу мамилеге өткөн бийликти дагы колдоп-коштоо ар бирибиздин милдетибиз.

Айта кетишибиз керек, өткөн жылдан бери Бишкекте 9 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүүдө, ошондой эле өлкөнүн аймактарында 22 миң батирлүү турак-жай куруу иштери башталды. Турак жай комплексинде соода борбору, бассейн, бала бакча, мектеп, спорт комплекси, жер астындагы унаа токтотуучу жай, велосипед жолдору болот. Комплексти куруу долбоорун ишке ашыруу 60 айды түзөт, анын 12 айы долбоордук-сметалык документтерди даярдоого жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарда бекитүүгө каралган. Бишкек шаарында курулуп жаткан эң ири турак-жай комплексинин баасы жарандар үчүн чарчы метри 550 доллардан ашпай турганы да белгиленди.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн белгилей кетишибиш керек, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан жана курула турган үйлөр даректерине чейин маалым болду. Маселен, Бишкек шаарында: Скрябин көчөсү, 45-45а – ар бири 15 кабаттан турган 7 үй, жалпы 549 батир, Чыңгыз Айтматов көчөсү, 102/1-2 – ар бири 18 кабаттан турган 6 үй, жалпы 620 батир, Кубанычбек Маликов көчөсү, 91 – 28 кабаттуу 11 үй, 24 кабаттуу 17 үй, 18 кабаттуу 11 үй, жалпы 5050 батир бар. Ош шаарында: Набережная көчөсү, 3 – ар бири 9 кабаттан 2 үй, жалпы 192 батир, аэропортко кеткен жол – ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар. Жалал-Абад шаарында: Курманбек көчөсү, 135 – ар бири 9 кабаттан 7 үй, жалпы 639 батир, Манас көчөсү, 144 – ар бири 9 кабаттан 6 үй, жалпы 450 батир, Сузак районунда: Ленин айылы, Н. Порошай көчөсү – ар бири 9 кабаттан 4 үй, жалпы 945 батир. Сузак айылы, Юнусов көчөсү – ар бири 5 кабаттан 7 үй, жалпы 240 батир бар. Нарын шаарында: Молдоев көчөсү – ар бири 9 кабаттан 4 үй, жалпы 216 батир, Талас шаарында: ар бири 9 кабаттан 9 үй, жалпы 504 батир, Чолпон-Ата шаарында: ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир, Каракол шаарында: Кусеин Карасаев көчөсү – ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар. Ал эми Баткен облусунда: Ак-Сай, Кулунду айылдары – 76 жер там бар.

«Аракет кылсаң берекет» дегендей, каражаттар да табылууда. Былтыр Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ипотекалык турак-жайларды куруу келишимине кол койгон. Кредиттик макулдашууга ылайык, Кыргызстанда ипотекалык турак-жайларды курууга Сауд өнүктүрүү фонду 100 миллион доллар бөлгөн. Ага чейин Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү тарабынан Германиянын KfW өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланган “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” программасын ишке ашыруу үчүн 34,9 миллион евро грант берген. Ошентип, учурда мамлекеттик турак жай саясатынын секторуна 138 миллионго жакын доллар (орточо 12 миллиард сом) тартылган.

 

Зулпукаар САПАНОВ

№21 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 15-марты

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X