Иран БУУнун Башкы Ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды
Иран жана Борбордук Африка Республикасы уюмга төлөнө элек карыздары үчүн БУУнун Башкы Ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды.
Расмий карызкорлордун тизмесине беш өлкө киргизилген: БАР, Иран, Сан-Томе жана Принсипи, Комор жана Сомали. Башкы Ассамблея карыз төлөгөндөн кийин, мамлекеттин добуш берүү укугу калыбына келтирет деп билдирди. Ал үчүн Иран уюмдун бюджетине 16 251 298 доллар, ал эми БАР 29 395 доллар чегериши керек.