Ири курулуштар жана долбоорлор: Туманбаев мамлекеттик сыйлыкка татыды
Президент Садыр Жапаров Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекет башчысы Каныбек Туманбаев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү иштерине жетекчилик кылганын белгиледи. Анын айтымында, эки ири иш-чара тең жогорку деңгээлде уюштурулган.
Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен Каныбек Туманбаев бир катар ири курулуш долбоорлорун жетектеп келгени айтылды. Атап айтканда, Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчилиги алдында «Ынтымак Ордо», «Ырыс-Ордо» жана «Бишкек Арена» объектилеринин курулушу аяктаган. Жаңы Ош базары менен жаңы автобекеттин курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, өлкө боюнча 81 миңден ашык ипотекалык батир курулууда.
Мамлекет башчысы «Бишкек Арена» эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын дүйнөгө таанытты. Ошондой эле аренада дүйнөгө белгилүү өнөрпоздордун концерттери өтүп, иш-чаралар туризмин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлдү.
Маалыматка ылайык, Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мекемелердин жалпы кирешеси 2021-жылы 1 млрд 15 млн сом болсо, 2026-жылдын он айында 31 млрд сомго жеткен. Бул жылдык 32 млрд сомдук пландын дээрлик 97 пайызы аткарылганын билдирет.
Бул мезгилде башкармалыктын карамагына бир катар жаңы мекемелер өткөрүлүп, алардын кирешеси жалпы көрсөткүчкө кошулган. Ошол эле учурда мурда эле башкармалыктын карамагында болгон мекемелердин дээрлик бардыгында да өздүк киреше өскөн.
Мисалы, «Ала-Арча» жаратылыш паркынын кирешеси 2022-жылы 51 млн сомду түзсө, 2026-жылдын он айында 358 млн сомго жеткен. Бул аралыкта парктын туристтик инфраструктурасы жаңыланып, заманбап асма жол ишке киргизилген.
Ошондой эле быйыл Президенттин Иш башкармалыгына караштуу акционердик коомдордон республикалык бюджетке дивиденд түрүндө 2 млрд 200 млн сом түшкөн. Мындан тышкары, карамагындагы уюмдардын өздүк кирешесинен жол курулушун каржылоого Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 5 млрд сом бөлүнгөн.
Андан сырткары, Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп келген санаторийлер жана эс алуу жайлары Президенттин демилгеси менен Президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн. Бул жайларды жаңылоо жана калкка заманбап шартта кызмат көрсөтүү максаты коюлган.
Маалыматта белгиленгендей, «Жыргалаң» жана «Ысык-Ата» санаторийлеринде тейлөө шарттары жакшыртылып, «Улан» борборунда эс алуу, спорт менен машыгуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Учурда «Жети-Өгүздө» реконструкция иштери жүрүп жатат. Алдыда жыл сайын эки-үч объектти жаңылоо пландалууда.