Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалыматка караганда ири мүйүздүү малдардын көпчүлүк үлүшү Ош (22 пайыз жалпы санынан), Жалал-Абад (21%) жана Чүй (18%) облустарынын чарбаларына туура келет.
Ал эми кой жана эчкилер — Жалал-Абад (22%), Ош (18%) жана Нарын (18% тегерегинде) облустарынын чарбаларында кармалат. Жылкылар — Нарын (25%), Ысык-Көл (19%) жана Ош (18%) облустарында көп.