Ишкерлерди колдоо боюнча консорциумдун алгачкы жыйыны өттү
Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумунун биринчи жыйыны өттү.
Консорциум ишкерлерди колдоо механизмдерин бирдиктүү системага келтирүү жана бизнеске керектүү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
Аталган институт 2026-жылдын 31-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 24 Жарлыгынын негизинде уюштурулуп, мамлекеттик органдарды, банктарды, фонддорду жана өнүктүрүү институттарын бириктирет.
Консорциумдун негизги максаты — ишкерлердин муктаждыктарына жараша каржылоо, кепилдик алуу, окутуу жана консультациялык кызматтарды комплекстүү сунуштоо. Бул, өз кезегинде, ишин жаңы баштаган жана өндүрүшүн кеңейтүүнү көздөгөн ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо, иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилөө жана 2030-жылга чейин чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашырууга ар бир институттун салымын тактоо маселелери каралды.
Консорциумдун иши ишкерлерге көрсөтүлүүчү колдоону системалаштырууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.