Ишкерлерди тейлөө борбору күн сайын 2 миңге жакын жаранга кызмат көрсөтөт

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54

Кыргызстанда Ишкерлерди тейлөө борборлору иштеп, анда салык жана башка мамлекеттик кызматтар «бир терезеде» көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, борборлордо күн сайын 2 миңге чейин жаран жана ишкер тейленет. Бул жерде бизнес каттоо жана кайра каттоо, отчётторду тапшыруу, карыздын жоктугу тууралуу маалымкат алуу, лицензия жана уруксат кагаздары, мамлекеттик реестрлерден көчүрмө алуу мүмкүн. Ошондой эле ишкерлерге бизнес ачуу жана жүргүзүү, экспорт, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңештер берилип, электрондук кол тамга да берилет.

Салык кызматынын белгилешинче, мындай борборлор административдик тоскоолдуктарды азайтып, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Ишкерлерди тейлөө борборлору Бишкекте Ибраимов көчөсү, 152 дарегинде, ал эми Ош шаарында А. Масалиев проспектиси, 75 дарегинде жайгашкан. Алар дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X