"Эркин-Тоо"

Ишкерлерди текшерүүгө укугу бар органдардын тизмеси каралды

Жогорку Кенештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат  боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндөгү” маселе каралды.

Аталган маселе боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова маалымат берди. Ал белгилегендей, бул тизме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функционалдык, структуралык өзгөрүүлөргө, тактап айтканда, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жоюлушуна байланыштуу киргизилип жатат.

Функциялардын жана текшерүүлөрдүн саны көбөйбөйт, алар тиешелүү министрликтер менен мекемелер арасында бөлүштүрүлүп, тиешелүү тизмеге бардыгы болуп 15 текшерүүчү орган киргизилет.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү негизсиз текшерүүлөрдү жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүүнү кыскартуу, мамлекеттик органдар менен мекемелер тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарылчылыгын белгилешти.

Талкуудан соң комитет депутаттардын айтылган сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен каралып жаткан токтом долбоорун жактырышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!