"Эркин-Тоо"

Issyk-Kul ITF 2022. Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Бүгүн 13-майда Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси  өтүүдө.

Эки күн бою «Рух Ордо» маданий борборунда туристтик компаниялар, пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана туристтерди тейлөө тармагынын башка да өкүлдөрү конокторго өз кызматтары тууралуу маалымат беришет.

Issyk-Kul ITF – 2022 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты — өлкөнүн туризм чөйрөсүн өз калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, эртең, 14-майда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!