ISUZU автобустары Бишкектен Сокулукка каттайт

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Бишкекке Түркиядан жеткирилген ISUZU автобустары экспресс каттамдарга кое берилет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, жакында эле Бишкек — Сокулук каттамы ишке кирди, жаңы автобустар Бишкек — “Манас” аэропорту жана башка ушул сыяктуу узак каттамдарга жүрөт. Белгилей кетсек, Бишкекке дагы 20 жаңы ISUZU автобустары келе жатат. Жыл соңуна чейин  макулдашылган 85 даана автобустары толугу менен алып келинет.

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X