Италияда XXV Кышкы Олимпиада оюндары башталат

6-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93

Бүгүн, 6-февралда, Италияда спорт дүйнөсүндөгү эң ири мелдештердин бири — XXV Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи өтөт.

22-февралга чейин улана турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Алар — тоо лыжасы боюнча Тимур Шакиров жана лыжа жарышы боюнча Артур Сапарбеков.

Белгилей кетсек, бир кылымдан ашык тарыхы бар Кышкы Олимпиада оюндары биринчи жолу бир эле өлкөнүн эки шаарында уюштурулууда. Мелдештер Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.

Миланда жабык ареналарда өткөрүлүүчү спорттук мелдештер уюштурулса, Кортина-д’Ампеццодо тоо лыжасы, бобслей, чана менен жарышуу, керлинг жана биатлон сыяктуу ачык абадагы мелдештер болот.

Олимпиада оюндарында 93 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышат. Анын алкагында спорттун 8 түрү боюнча (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) 16 дисциплинада жалпысынан 116 медаль топтому ойнотулат.

Эң көп спортчу жөнөткөн өлкөлөрдүн катарында АКШ алдыда турат — 233 спортчу (118 эркек, 115 аял). Канада 207 спортчу (99 эркек, 108 аял) менен катышса, кожоюн Италия 190 спортчу (100 эркек, 90 аял) менен келет. Германиядан 184 спортчу (99 эркек, 85 аял), Франциядан 156 спортчу (86 эркек, 70 аял) жана Япониядан 120 спортчу (47 эркек, 73 аял) олимпиадага катышат.

6-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X