Израиль Pfizer вакцинасы миокардитке алып келиши мүмкүн деп билдирди
Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы Pfizer (PFE.N) вакцинасын алган эркектердин арасынан миокардитке (жүрөк булчуңдун сезгениши) кабылган учурлардын катталышын билдирди. 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын май айына чейин вакцина алгандардын арасынан миокардиттин 275 учуру аныкталган.
Үч топтон турган эксперттердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында, жүрөк булчуңдары сезгенип кайрылгандар 4 күнгө жакын ооруканага жатып дарыланышкан. Бейтаптардын 95 пайызынын абалдары азыр туруктуу. Бул тууралуу Reuters жазды.
«Изилдөөлөрдүн натыйжасында, вакцинанын (Pfizer) экинчи дозасын алган 16 жаштан 30 жашка чейинки эркектердин арасында миокардит дартына чалдыккандар болгон. Вакцина алгандан кийин миокардит пайда болушу мүмкүн деген божомолдор бар”,- деп жазылат маалыматта.
Ал эми Pfizer вакцинасын чыгарган компания Израилдин миокардитке байланыштуу изилдөө жүргүзүүсү менен кабардар экенин айтып, аталган дарттын вакцинадан келип чыгышы аныкталган эмес деген билдирүү тараткан.
