"Эркин-Тоо"

Көңүл толуп, көз кубанткан иштер арбын

Саналуу күндөрдөн кийин Садыр Жапаровдун Президенттик кызматка расмий киришкенине төрт жыл болгону турат. Бул аралыкта жалпы коомчулук күбө болгондой көңүл толгон, көз кубанган арбын иштер жасалды. Мамлекетибиз көкүрөгүн көтөрүп, өнүгүүгө карай багыт алганын жалпыбыз көрүп жатабыз. Көп жылдар бою эңсеген улуу дөөлөттү, өзүбүз сыймыктанган күчтүү Кыргызстанды курууга кириштик. Чындыгын айтышыбыз керек, Мамлекет башчысынын төрт жыл ичиндеги аракети баарыбызды шыктандырып, болуп көрбөгөндөй ишеним жаратты. Кары-жашы дебей мүлдө журтка дем берди. Жер-жерлерде жалаң жаңы салынган социалдык объектилер, жолдор, ишканалар боюнча сөздөр жүрүүдө. Мунун өзү чоң жеңиш экенин тана албайбыз.

Мындан ары карай жолубуз байсалдуу болуп, беттеген багытыбыздан адашпай, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдикте кадам шилтешибиз керек. Анткени, бүчүр байлаган иштердин учугу уланып, биринин артынан экинчиси “старт” алган ири курулуштардын баары аягына чыгып, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү зарыл. Сөздүн ачыгын айтканда, жасалып жаткан иштерди өзүбүз колдоп, жөлөп-таябасак, баягы таз кейпибизди кийип калышыбыз мүмкүн. Дегеним, кечээги эле отуз жылдык тарыхты карасак, жеке кызыкчылыктын алкагында бийлик талашкан саясатчылар мамлекет үчүн бир кыш кынабай, жок дегенде ширенке чыгарган ишкана салбай, элди жакырчылыктын сазына батырып, мамлекетти талкалап кетишти. Анын азабын жумурай-журтубуз бүгүнкү күнгө чейин тартып, бардык тармакты каптаган катарлаш кризистен чыга албай турат. Албетте, элибиздин бактысы бар экен, 2020-жылдагы элдик толкундоодон кийин чукул бурулуш болуп, Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен чоң өзгөрүүлөр башталды. Эми өрнөктүү иштерди колдоп, ар бирибиз көмөктөшөлү. Кыргызстанды өнүктүрүүгө баарыбыз салым кошууга милдеттүүбүз.

Экономикадагы секирик

Баарыбыз билгендей, 30 жыл ичинде талкаланып, кургуйга кулаган экономиканы дароо өнүктүрүп-өстүрүп кетүү оңой иш эмес. Бирок, төрт жыл аралыгында жомоктогудай эле секирик жасалды. Маселен, 2020-жылы 247 миллиард сом бюджет болсо, төрт жылда төрт эсеге өсүп, 686 млрд сомду түздү. Тактап айтсак, консолидацияланган бюджет 2024-жылга 602,1 млрд сомду түзсө, ал эми тактоонун жыйынтыгы боюнча ресурстар 686,6 млрд сомго жетип, 84,5 млрд сомго өсүштү көрсөттү. 2025-жылга 708,9 млрд сом болгону турат. Республикалык бюджеттин кирешелери дагы ишенимдүү оң динамиканы көрсөтө баштады. 2021-жылы 187,4 млрд сомдон 2023-жылы 357,7 млрд сомго чейин өссө, бюджеттин тактоосу менен 2024-жылы 410,6 млрд сомго жетти. 2025-жылга карата 430,2 млрд сомго жетүү пландалууда. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, 2025-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 430,2 млрд сом көлөмүндө бекитилди, ал эми чыгаша 405,9 млрд сомду түзөт. Эң башкысы, бюджет 30 жылдан бери уланып келгендей 20 млрд дефицит менен эмес, 24,3 млрд сом өлчөмүндө профицит менен түзүлдү.

Төрт жыл аралыгында макроэкономикалык көрсөткүчтөр да жакшырды. Ички дүң продукция туруктуу өсүп, 2024-жылы 9 пайызды түздү. Мисал катары айта кетсек, 2021-жылы 782,9 млрд сомду түзсө, 2022-жылы триллиондук чектен ашып, 1 трлн 020,7 млрд сомго жеткен. 2023-жылы 1 трлн 333,7 млрд сомду түзсө, 2024-жылы бир жарым триллиондон ашты. 2025-жылы 1 трлн 624,1 млрд сом болору болжолдонууда. Бул жетишкендиктер Өлкө жетекчисинин ырааттуу ишинин натыйжасы болуп саналат.

Салыктык жана бажы тармагынан келген кирешелер да кадимкидей өстү. 2021-жылы жыйналган салыктын көлөмү 85,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 154,6 млрд сомго чейин өстү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы мамлекеттик бюджетке 228 млрд 277,1 млн сом салык чогултуп, белгиленген планды 4 млрд 368 млн сомго ашыгы менен аткарды. 2023-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 43 млрд 260,6 млн сомго өстү. Жалпысынан өткөн жылы 302 млрд 359,8 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Ал эми бажы кызматы үчүн 2024-жылга 117 миллиард 356,5 миллион сом өлчөмүндө киреше болжолу белгиленип, ал ашыгы менен аткарылды.

Бушайманга салган карыз төлөнүүдө

Эгемендик алгандан бери элибизди мамлекет үчүн алынган карыздар түйшүккө салып келе жатат. Карызды башкаруу
стратегиясында мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 70%дан ашпоосу керек деп белгиленген. Тилекке каршы, бизде ашып түшкөн жылдар болгон. Маселен, 1999-жылы мамлекеттик карыз ИДПга карата 133%га көтөрүлүп кеткен. 2020-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 68 пайызга жеткен. Ачыгын айтсак, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымын уурдашкан. Ошондой эле максатсыз жумшашкан. Алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулган эмес. Миллиарддап алынган каражаттардын көпчүлүгүнүн сууга сиңгендей дайыны жоголуп, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген. Илең-салаң иш жүрүп келип, 2012-жылдан тарта мамлекеттин карызы эң башкы көйгөйгө айланды. Элден акча чогултуу демилгелери көтөрүлүп, эсептер ачылган. Бирок, ал демилгенин жиги билинбей, арасатта калып кетти. Аргасы кеткен ошол учурдагы бийлик жетекчиси карызды жабуу үчүн кен байлыктарды берүү боюнча ойлорду ортого салып, элдин кулагын көндүрө баштаган. Сооронбай Жээнбековдун учурунда бул демилге тынымсыз кайталанып, Жетим-Тоону карыздын ордуна берүү боюнча сөздөр жүрө баштаган. Бактыга жараша 2020-жылдагы бийлик алмашуусунан кийин Садыр
Жапаровдун жетекчилиги астында экономикалык кырдаал өзгөрүп, карыз төлөө көйгөй болбой калды. Эч бир түйшүгү жок карыздарды төлөп жатабыз. Бул дагы төрт жыл ичиндеги эң чоң жетишкендик десек жаңылышпайбыз.

Мисалы, мурдараак тышкы карыз азыраак суммада төлөнгөн. 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өстү. 2022-жылы 33,6 млрд сом, 2023-жылы 48,6 млрд сом, 2024-жылга 64,7 млрд сом төлөдүк. Быйылкы жылга 75,1 млрд сом төлөө каралган. Көзгө тартылып тургандай, мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгү азыр төлөнүп жатат. Эгер ушул акчалардын баарын карызга төлөгөндүн ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштер аткарылмак.

Пенсия жана айлык маяналар

Төрт жылдагы ийгиликтин бири катары пенсия жана айлык-маяналардын көтөрүлгөнүн айтсак болот. Чындыгында эле пенсияны көтөрүүдө өтө чоң секирик жасалды. Бул оңой-олтоң иш эмес, анын артында чоң түйшүк, кажыбас мээнет жатат. Баарыбыз билгендей буга чейинки жетекчилердин маалында 200-300 сомго, ашып барса 500 сомго гана көтөрүшчү. 2020-жылдан кийин башка тармактардагы маянаны жогорулатуу менен бирге пенсияны көтөрүүдө өлкөбүз ири ийгиликтерге жетише алды. Муну башкаруудагы туура саясат деп айтсак жарашат. Анткени, пандемиядан кийинки абал өтө оор эле. Карызга алынган 320 миллион доллар менен эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдар төлөнүп, өлкөнүн экономикасы бычактын мизине илинип калган учур болчу. Эгер ошол жылы эл силкинип, бийлик алмашып кетпегенде бүгүнкү күндө мамлекетибиз өтө оор, мышык ыйлай турган абалга кептелип калмак. Кудай колдоп, чайпалсак да бөксөрбөй, кырдаал жөңгө салынып кетти. 2021-жылдан тарта жыл сайын пенсия көтөрүлүп жүрүп турду. Быйылкы жылы бир дем менен 7 миң сомго чыгарды. Адегенде, 1-июлдан тарта пенсия көтөрүлүп, минималдуу өлчөмү 3 миң 500 сомду түзгөн. 1-октябрда кийин камсыздандыруу бөлүгү 18%га жогорулап, минималдуу пенсия 6 миң 900 сом болду. Башкача айтканда, Конституциядагы пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо аткарылды.

Мекендештерибиз үчүн пенсия жаатындагы реформалары боюнча дагы кошумчалай кетелик, анткени бул маалымат көпчүлүккө керек. Анда белгиленгендей, мырзалар мурдагыдай пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат, бул норма ошол бойдон калды. Бирок, пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлду. Буга чейин жарандын пенсия курагына жете электе талап кылынганга кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү. Мындайча айтканда, талап кылынгандан ашыкча стажы бар болсо, мисалы эркектер 60 жашында, аялдар 55 жашында үч жыл эрте чыгууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлду, мындан ары эмгек стажына карай эрте чыга албайт. Ошого катар, бул ирет көпчүлүктү сүйүндүргөн жакшы норма кирди. Мындан ары беш жыл иштегендерге дагы пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт. Тагыраагы, пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт.

Быйыл дарыгерлердин маянасы дагы көтөрүлдү. 1-сентябрдан баштап алыскы аймактарда иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сомдун ордуна 50 миң 205 сом, анестезиолог-реаниматолог 35 миң 481 сомдун ордуна 73 миң 222 сом, педиатр 32 миң 474 сомдун ордуна 68 миң 709 сом ала баштады.

                                                                                                                            Зулпукаар Сапанов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!