КӨП КЫРДУУ КЫЗМАТТАШУУНУ ЧЫҢДООНУН БАШАТЫ

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушуп, өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашты.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров үстүбүздөгү жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл катары өтөрүн, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктап калганын, бул чындыгында эле тарыхый окуя экендигин айтып өттү. Ошондой эле эки өлкөнү достук, жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турганын билдирди. “Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк. Чек ара маселесине чекит коюу менен биз келечекте өлкөлөрүбүздүн гүлдөп-өсүшүнө бекем негиз түзөбүз деп ишенебиз. Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок. Мамлекеттер аралык мамилелерде маанилүү роль ойногон эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштары да жогорку деңгээлде өнүгүүдө”, — деди Президент Садыр Жапаров.
Өз кезегинде Өзбекстандын Президенти дагы чек ара маселеси боюнча макулдашууну тарыхый документ деп атап, жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн ырастады. “Биз мындан ары да Кыргызстандын Президентинин өлкөнү өнүктүрүү программасын колдоону улантабыз. Дагы бир ирет жакындашууга жана толук кандуу кызматташууга дилгир экенибизди көрсөттүк. Бардык маселени ийне-жибине чейин талкууладык. 31 жылдык тарыхта биринчи жолу мамиле ушундай жогорку деңгээлге чыкты. Садыр Жапаровдун саясий эрки болбогондо мындай жыйынтык болмок эмес. Биздин байланыштар системалуу, интенсивдүү мүнөзгө ээ болду, тарыхый чек ара келишими түзүлдү. Өзбекстан Кыргызстандагы реформаларга чын жүрөктөн кубанат”, — деди Шавкат Мирзиёев.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирүү жасап, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын, Кыргызстан менен Өзбекстан көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастаганын белгилешти.
Өзбекстандын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтердин арасында: Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация, Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуусу жана башкалар бар.
Өзбекстандын Президенти Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын соңунда “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында меймандарга этномаданий программа тартууланды.
Афина БАКИРОВА
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы