Күн күркүрөйт. 22-апрелге карата аба-ырайы
22-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматта, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми тоолуу райондордо кар жаай тургандыгы кошумчаланган. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15 күндүз +19…+24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24 градус болот