Көчмөндөр оюндары: ЖМКлар менен маалыматтык кызматташуу

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маалыматтык кызматташуу жана өнөктөштүк тууралуу Меморандумга кол коюлду. Келишим «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты» коомдук бирикмеси менен бир катар жергиликтүү телеканалдар жана маалымат агенттиктеринин ортосунда түзүлдү.

Меморандумга ылайык, тараптар расмий пресс-материалдарды таратуу, журналисттерди аккредитациялоо, иш-чараларды түз эфирде көрсөтүү, эксклюзивдүү маектерди уюштуруу жана атайын медиадолбоорлорду ишке ашыруу багытында биргелешип иш алып барышат.

Алдыдагы оюндарга 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл аймагында, анын ичинде Кырчын этношаарчасында өтөт. ЖМК өкүлдөрү үчүн заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар пресс-борборлор уюштурулуп, 500гө жакын чет өлкөлүк журналисттин иштеши мерчемделүүдө.

Маалыматтык кызматташуу боюнча меморандум УТРК, ЭЛТР, «7-канал», «Азия ТВ», «Номад», Кабар, «Кактус Медиа», Namba Media, News.kg, «Европа+ Групп», 24.kg, Sport kg, Sputnik Кыргызстан, Vesti.kg жана We Project сыяктуу ЖМКлар менен түзүлдү.

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X