Көмүргө окшоштурулган 862 кг кокаин кармалды
Испаниянын полициясы Португалиядан жүк ташуучу унаалар менен испаниялык Медина-дель-Кампо шаарына ташылып келген 1,4 миң кап жыгач көмүрдүн арасына катылган жалпы салмагы 862 килограмм кокаиндикармады, шектүү катары үч адам камакка алынды. Кокаин жыт билги иттердин жардамы менен табылды.