КӨП ИШТЕР ЖАСАЛДЫ, ЖАСАЛА ЭЛЕГИ АЛДЫДА АТКАРЫЛАТ

27-декабрь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43

Мезгил учкан куштай зымырап өтүп, 2022-жыл да сапарын карытууда. Жыл соңунда өткөн мезгилге кичине саресеп салып, аткарылган иштерге азыноолак токтолуп кетүүнүн ыңгайы келип турат. Быйылкы жылы орус-украин согушунун кесепетинен улам тышкы жагымсыз факторлорго карабастан республикабызда өнөр жай өндүрүшү 14,3%га өстү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч. Ал эми 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи – 107,0%ды түзүп, көлөмү 781 млрд сомго жетти.

Негизи быйылкы жыл көптөгөн ишканалардын ачылыш жылы болду десек болот. Өлкөбүз топчу, мыктан баштап дээрлик бардык эл керектөөчү товварларды тыштан ташып келген. Мамлекет мына ушундай шартта өнөр жай тармагын колдоо үчүн быйыл “Кыргызиндустрия” ААКсын түзүп, аталган мекеменин колдоосу менен эле 7ден ашык чакан өндүрүш ишканалары түзүлүп, продукция өндүрө баштады. “Кыргызбакча”, “Кыргызстиль”, “Көк-Алма”, “Кыргызкыш” жана ишканалар кадыресе иштеп жатат. Дагы 9 ишкана иш баштоо алдында турат. Жалпысынан “Кыргызиндустрия” ар кандай багыттагы ири жана чакан ишканалар боюнча 30 долбоордун үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле жеке ишкерлер да өндүрүш ишканаларын түзүүгө аракеттерин жасоодо. Мисалы быйыл жыл башында эле Сузакта суу май чыгарган завод ишке кирди. Завод бүгүн күнүнө 30 тонна өсүмдүк майын чыгарууда. Келечекте 80 тоннага чейин көбөйтүлмөкчү. Жалпысынан өлкөбүздө быйыл тамак-аш жана кайра иштетүү тармагында 29 жаңы ири, 46 кичи ишканалар түзүлүп, 750 жаңы жумуш орундары ачылды.

КОЛДОО ЖАКШЫ БОЛСО ЖЫЙЫНТЫГЫ КӨП КҮТТҮРБӨЙТ

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө мамлекет тарабынан каржылык колдоо бараандуу болду. Жыл башынан бери күрөөсү жок ишкерлерге Кепилдик фонду тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Тактап айтканда 1 млрд 665 млн сомду түзгөн 897 кепилдик берилип, мамлекет ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп берди. Натыйжада банктар ишкерлерге 5 миллиард сомдон ашык көлөмдө кредит берди. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,8 миллиард сомго көп кредит берилди дегендик.

Ал эми “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору боюнча 4,5 млрд сом көлөмүндө айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредиттер берилди. Быйыл дыйкандар 1 млрд 677 млн сомго 524 техниканы лизингге алышты. Жалпысынан агроөнөр жай комплексин мамлекеттик колдоо өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү же болбосо 26,6 млрд сомго көбөйдү. Ошого жараша айыл чарба продукциялары 42 млрд сомго көп өндүрүлгөнүн белгилөөгө болот.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө өз өндүрүш товарларыбызды экспорттоодо айыл чарба жана тигүү өндүрүшүнүн продукциялары биринчи сапта турат. Кыргызстан айыл чарба продукцияларын тышка чыгарууда быйыл жакшы көрсөткүчкө жетишти. Ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 30 млрд 39 млн сомго айыл чарба продукциялары тышка сатылды. Бул жалпы экспорттун 19,5%ын түзөт.

ТИГҮҮ ТАРМАГЫ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАБЫ?

Кыргызстандын текстиль тармагы өлкө экономикасынын алдыңкы секторлорунун бири болуп саналат. Бул тармак 200 миңге чукул жумуш орундары менен камсыз кылууда. Биздин тигүүчүлөр ЕАЭБ аймагында өз ордун таап, дээрлик бардык тигүү өндүрүшүнүн товарлары экспортко чыгат. Министрлер Кабинети быйыл 2022-2026-жылдарга жеңил өнөр жай тармагын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыкты. Анда тармакты андан ары өнүктүрүү планы толук камтылган.

БҮГҮНКҮ АЙЛЫК АКЫЛАР ЧЕК ЭМЕС

Акыркы 2 жылдан бери бюджеттин кирешеси улам өсүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгында бюджет 313 миллиард сомго жетсе, быйыл мурда айтылгандай 400 млрд сомду чапчыганы турат. Ал эми 2023-жылы 500 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Бюджеттик каражаттардын көбөйүшү менен социалдык тармактын айлык акылары сезилерлик көбөйдү.

1-апрелден баштап маданият кызматкерлеринин айлык акысы 100%га өстү. Чынында бул тармакка жылдап көңүл бөлүнбөй келген. Китепкана, маданият үйлөрүнүн кызматкерлери эң төмөнкү айлык акыга иштөөгө аргасыз болушкан. Ошондой эле социалдык кызматкерлерге да айлык акы эки эсеге көбөйтүлгөнү жакшы иш болду. Мындан тышкары мугалимдердин айлык акысы 80%га, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көбөйтүлдү. Белгилей кетсек, буга чейин да дарыгерлердин айлык акылары көбөйтүлгөн болчу. Ошентип, апрель айында 309 миң социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү үчүн 9 айга мамлекеттик бюджеттен 26 млрд сом бөлүндү.

1-августтан баштап 58 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы да көбөйтүлүп, ал үчүн бюджеттен 7 млрд сом каралды. Ардактуу эс алуудагы адамдарыбыз үчүн жыл сайын пенсияны көбөйтүү аракети болуп келет. Бирок буга чейин быйылкы жылдагыдай болуп кескин көтөрүлбөгөнүнө элибиз өзү күбө. Тактап айтканда ар бир пенсионерге 1700 сомдон баштап 3400 сомго чейин кошулуп, пенсионерлерибизди кубанта алдык. 735 миңден ашуун пенсионерлер үчүн 4,5 миллиардга жакын бюджеттик каражат каралды.

2022-жылы борбор шаарыбызда 15 мектеп, 1 балдар бакчасы курулуп пайдаланууга берилди. Бул максатта 3 млрд сом жумшалып, анын 2,5 миллиарды республикалык бюджеттен, калганы шаар бюджетинен бөлүндү. Айтор, үстүбүздөгү жылы жалпы республикабыз боюнча социалдык объекттерди куруу иши күрдөөлдүү жүрдү десек болот. Президент Садыр Жапаров жакында өткөн Биринчи Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө бюджеттик каражаттарга республикабыз боюнча жалпысынан 193 социалдык объекттердин курулушу жана оңдоп-түздөө иштери жасалганын белгилеп өттү.

КЫЛЫМГА КЫЗМАТ КЫЛЧУ КУРУЛУШТАР

Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан өлкөбүз “КамбарАта-1” ГЭСин куруу иштерин баштады. Бул ГЭС курулуп бүтсө кыргыз энергетикасынын флагманы болуп, энергетикалык көз карандысыздыгыбызды камсыз кылат деген үмүт бар. Мына ушул улуу ишке быйыл кадам жасалып отурат. Мамлекет жетекчилиги бул ГЭСтин курулушун аягына чыгарууга ишенимдүү түрдө белсенип турушат. Энергетикалык көз карандысыздыкка республикабызда курулушу жүрүп жаткан Бала-Саруу ГЭСи сыяктуу кичи ГЭСтер да мезгили келсе өз салымын кошоору калетсиз. Пландалган иштер ишке ашса энергетикалык көз карандысыздыкка гана эмес, электр энергиясын экпорттоого да жетише алабыз.

Быйыл көп жылдар бою айтылып келген Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча өз ара макулдашууларга жетишилип, муз ордунан жылды десек болот. Темир жол өлкөбүздүн экономикасы жана транспорттук инфраструктурасы үчүн өлчөөсүз чоң мааниге ээ экени калетсиз. Мамлекетибиз өз күчү менен Балыкчыдан Кочкор – Кара-Кечеге чейин темир жолун курууну баштап отурат. Демек, алакан жайып акча жок, бизге ким каражат берет деп отурган мезгил өттү. Мындан башка республикабыздын аймактарында унаа жолдорун оңдоотүзөө иштери жасалууда.

“КУМТӨР” ПУЛТӨРГӨ АЙЛАНГАНДА

“Кумтөр” кени качан иштеп баштаса ошондон бери токтобогон талаш-тартышка быйыл июль айында чекит коюлду. Канадалыктар канчалык соттошобуз деп коркутпасын акыры кыргыз тарап менен макулдашууга келип, “Кумтөр” кени биротоло өз колубузга өттү. Кенге тыштан башкаруу киргизгенден баштап анын мамлекеттик бюджетке салымы өсүп барат. Быйылкы жылдын январь-сентябрь айы ичиндеги салымы эле 26,7 млрд сомду түздү. Ал эми былтыркы жылы ушул мезгилге карата “Кумтөрдүн” бюджетке салымы 7,9 млрд сомду түзгөн.

КООПСУЗДУК КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Үстүбүздөгү жылы коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бөлүнүп, бюджеттик каражаттарга керектүү техникалар сатылып алынды. Атап айтсак, “Тигр” маркасындагы атайын бронетехникалар, оор жүк ташуучу аскердик унаалар, “Байрактар-ТБ2”, “Акынжы”, “Аксунгур” сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттары, куралжарактын жана аскердик техникалардын заманбап түрлөрү менен толукталды. Өзгөчө белгилей турган маселе быйыл аскер кызматчыларынын айлык акылары да сезилерлик көтөрүлүп, алардын жашоо-турмушунун жакшырышына карата да иш-аракеттер болууда. 19-сентябрда Президенттин 1-октябрдан баштап прокуратура кызматкерлеринен тышкары аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80%ына чейин жогорулатуу жөнүндөгү Жарлыгы чыкты.

АЙМАКТЫК РЕФОРМА АКЫРЫНДАН БОЛОТ

Өлкөбүздө административдикаймактык реформа жөнүндө мурдатан эле айтылып келет. Эми бул иш терең талданып, анан ишке ашканы калды окшойт. Быйыл бул багытта Түп районундагы 13 айыл аймагынын мисалында эксперимент катары долбоор башталды. Долбоорго ылайык 13 айыл аймагынын базасында 5 айыл аймагы түзүлмөкчү. Анын жыйынтык-натыйжасына ылайык келечекте республикабыз боюнча аймактык реформа ишке ашуусу пландалууда.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№113 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 27-декабры

27-декабрь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X