"Эркин-Тоо"

Кабулда Өзбекстандын өкмөтү «Талибан» менен жолугушту

Үстубуздөгу жылдын 12-мартында Ооганстандын борбор шаары Кабулда ооган-өзбек сүйлөшүүлөрү өткөнүн 13-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

Маалыматта ылайык, 12-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жетектеген расмий делегация Кабулга иш сапары менен барып, “Талибан” кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. “Талибан” кыймылынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Хасан Ахунд башында турган убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда «кызматташтык маселелеринин кеңири спектри талкууланып, экономикалык байланыштарды бекемдөө жана ишкерлер ортосундагы алаканы жакшыртуу үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулганы» айтылууда.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги «Талибан» кыймылынын убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөн жылы да уюштурулганы маалым. 2023-жылы октябрь айында өзбек өкмөт башчысынын орун басары Жамшид Хожаев баштаган расмий делегация Ооганстанга иш сапар менен барып келген эле. 2024-жылы февраль айында Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалом Азизов Кабулга барып, талибдердин убактылуу коргоо министри Мохаммад Якуб менен жолукканы маалым болгон. Тараптардын расмий жолугушуусунда Ооганстандын түндүгүндөгү Коштепа каналынын, Термиз – Мазари Шариф – Кабул – Пешавар темир жолунун курулушу боюнча долбоорлорду талкуулап келгени да карланууда. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 2022-жылдын декабрында Ооганстандын “Талибан” өкмөтү менен саясий-экономикалык багытта кызматташууга даяр экенин билдирген.

Террористтер тарабынан 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга террордук чабуул жасалгандан кийин Америка Кошмо Штаттары баштаган НАТОго мүчө болгон бир нече өлкө “Талибанды,” “ал-Каиданы” террордук уюм катары таанып, аларга каршы согуш жарыялап, Ооганстанга  куралдуу аскерлерин киргизген. Он жылдан кийин операция алкагында бул өлкөдө калган америкалык аскерлердин контингенти 110 миңге жеткени маалым. 2021-жылы 15-августта талибдер расмий Кабулду толук өз көзөмөлүнө алышкан, 31-августта Америка өз аскерлеринин баарын Ооганстандын аймагынан чыгарып кеткен.

Ошентип бийлик 20 жылдан кийин кайрадан колуна тийген “Талибандар” бардык жарандардын коом турмушуна катышуусунун деңгээлин жогорулатуу процессин ишке ашыруучу, биринчи кезекте физикалык жактан  жабыркаган, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды активдүү коомдук турмушка реалдуу киргизүү процесси жана коомдун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей зарыл болгон – Инклюзивдүү  өкмөт түзүүгө, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Расмий Ташкентти эске албаганда дүйнөнүн бир дагы мамлекети талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыш өлкөлөрүндөгү банк резервдеринин баары учурда  камакта турат. Талибдердин айрым лидерлерине АКШ эл аралык издөө жарыялаганы маалым. Ал эми расмий Бишкек “Талибан” өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Ооганстан менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

 

Бахпурбек АЛЕНОВ

№21 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 15-марты