Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды
Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын Өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.
Тараптар бул кадам Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, түз ишкердик байланыштарды түзүүгө, өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.