Кадамжайда жаш балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелерге түшүндүрүлдү
Кадамжайда РИИБ балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жергиликтүү тургундарга балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүлүп, эскертүү актыларын берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Былтыр жайында милиция кызматкерлери ар бир айыл аймактардагы кооптуу жерлерди текшерип чыгып, эскертүү тактайчаларын илип чыгышкан.
Маалыматка ылайык, Кадамжайдын аймагындагы көлмөлдөрдүн, агын суулардын, дарыя, каналдардын бойлорунда жашаган ар бир ата-энеге балдарынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 2 ай аралыгында Кадамжай району боюнча мектеп жашына чейинки 2 бала сууга чөгүп каза болгон.
