Кадамжайда жол тандабас 2-класс кызды өлтүрө сүзгөн
Кадамжайда Тойота Ленд Крузер автоунаасы окуучу кызды өлтүрө сүзгөн. Бул туурасында Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 31-май күнү болгон. Алган жаракаты оор болгондуктан 2004-жылы туулган кыз ооруканада көз жумган.
Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.