Кайгуул: Адашып кеткен 7 жаштагы бала Аламүдүн базарынан табылды
Жоголуп кеткен 7 жаштагы бала Аламүдүн базарынан табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 12-апрель күнү саат 15:30дар чамасында “102” кызматына Салиев менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүм жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган.
Анда 7 жаштагы Т.Э., аттуу өспүрүм жоголуп, жакындары аны издеп жаткандыгы аныкталган.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Аламүдүн базарынан адашып жүргөн баланы таап, апасына жеткирип беришкен.