Кайгуул: Адашып кеткен 7 жаштагы бала Аламүдүн базарынан табылды

14-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35

Жоголуп кеткен 7 жаштагы бала Аламүдүн базарынан табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 12-апрель күнү саат 15:30дар чамасында “102” кызматына Салиев менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүм жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган.

Анда 7 жаштагы Т.Э., аттуу өспүрүм жоголуп, жакындары аны издеп жаткандыгы аныкталган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Аламүдүн базарынан адашып жүргөн баланы таап, апасына  жеткирип беришкен.

14-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X