Кайрадан жер силкинди

15-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41

Бүгүн саат 04:43тө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунан түштүк-чыгышка карай 20 акырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 140 акырым аралыкта жайгашып, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

15-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X