Кальян жайлары боюнча мыйзам биринчи окуудан өттү

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 80

Бүгүн, 26-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында кальян жайларынын ишин лицензиялоону жана алардын ишмердүүлүгүн мамлекеттик көзөмөлгө алууну караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоор Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленип, кальян жайларынын ишин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, көмүскө экономиканы кыскартуу жана мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү максатын көздөйт.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын маалыматына ылайык, долбоордо кальян чегүүгө лицензиясы бар адистештирилген жайларда гана уруксат берүү сунушталууда. Ошондой эле кальян кызматын лицензиялануучу ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмесине киргизүү, санитардык-гигиеналык жана техникалык талаптарды белгилөө, кальян жайларынын милдеттүү реестрин түзүү каралган.

Талкуу учурунда депутаттар мыйзам долбоорунун ишке ашырылышына байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүштү. Алардын арасында лицензия берүүчү мамлекеттик органды аныктоо, лицензиялык жыйымдардын өлчөмүн белгилөө, мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизүү жана кальян жайларын билим берүү мекемелеринен коопсуз аралыкта жайгаштыруу маселелери болду.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст

Ошондой эле депутаттар тамеки чегүү үчүн атайын жайларды уюштурууга коюлуучу санитардык талаптарды тактоо жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, парламенттин жыйынында «Эркин экономикалык зоналардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору да биринчи окууда кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоору эркин экономикалык зоналардын ишин жөнгө салуучу укуктук базаны өркүндөтүү, инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, укуктук айкындуулукту камсыз кылуу жана бул аймактарды мындан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X