Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеште паракорчулукка каршы мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоорун Камчыбек Ташиев жактап жатат. Ага ылайык, 1-январдан тарта паракорлор айып пул менен кутула алышпайт жана түрмөгө камалат.
«Ага чейин, тамаша иретинде айтып коеюн, паракорлордо 31-декабрга чейин
кылмыш кылганга убактысы бар жана айып пул менен кутулуп кете алышат. 31-
декабрдан кийин түрмөгө камалат», — деди Ташиев. Анын айтымында, паракорлордун 80 пайызы айып пул менен кутулушкан, 13 пайызы гана камалган.
Ошондой эле мыйзам долбоору менен төмөкүлөр сунушталууда:
— жубайы же жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп
таанылган, же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши
реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук
коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу;
— коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик
жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу;
— коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга күнөөсүн моюнга алуу жана
материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө эркинен
ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо.
Комментарий калтыруу