Камчыбек Ташиев Испанияга барды

10-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки спортчуларынын курама командасы Испаниядагы машыгууда биринчи контролдук беттешин өткөрдү. Сергей Пучков жетектеген команда Азия кубогуна даярдануунун алкагында Аликанте шаарында машыгууда. Азия кубогу февраль айында Кытайда өтөт. 9-январда кыргызстандыктар Испания чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойногон «Картахена» клубунун жаштар курама командасы менен беттешти. Ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти катары Камчыбек Ташиев күбө болгону маалым болду.

Оюн Кыргызстан курама командасынын пайдасына 5:0 эсебинде аяктаган. 12-январда жана 16-январда Кыргызстандын курама командасы Испанияда дагы 2 беттеш өткөрөт. Кыргызстандын жаштар курама командасында Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев ойнойт. Ал — команданын капитаны.

10-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X