Камера, автобус, координация: VI ДКОнун коопсуздугу кантип көзөмөлдөнүүдө?

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 134

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында Ысык-Көл районунун Бостери айылында 4 кабаттан турган заманбап милициянын аймактык бөлүмчөсү курулуп, кырдаалдык борбору иштеп жатат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүнө санарип видеокамералар аркылуу ушул жерден көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бүгүн жаңы имаратка Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков келип, эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле жеринде иштеп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери туристтер жана жергиликтүү тургундарга сылык мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүүсүн тапшырды.

Белгилей кетсек Бостеридеги кырдаалдык борбордон Ысык-Көл облусунун аймагындагы видеокамералар аркылуу коомдук тартип көзөмөлгө алынууда. Мындан сырткары элдин агымы көбөйгөн жерлерге автобустарды жөнөтүү жана ички иштер органдарынын жумушу координацияланып, кошумча багыттар көрсөтүлүп жатат.

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 134
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X