Канализациялык кудукка түшүп кеткен эркек кишини куткаруучулар куткарды
Бишкектин Чүй проспектисинде эркек киши канализациялык кудукка түшүп кетти. Окуя тууралуу маалымат 12-августта түшкөн.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Алар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды кудуктан коопсуз чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Куткарылган жарандын абалы канааттандырарлык. Ал медициналык жардамга муктаж болгон эмес.