Кантта 5 250 батирлүү ири ипотекалык шаарча кийинки жылы пайдаланууга берилет
Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан 5 миң 250 батирлүү ири турак жай комплексин келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан учурда белгилүү болду.
Иш сапарынын алкагында өкмөт башчы долбоордун эскиздик чечимдери, инженердик жана социалдык инфраструктурасы, ошондой эле курулуштун учурдагы даярдык деңгээли боюнча жооптуу өкүлдөрдүн маалыматын укту.
Маалыматка ылайык, турак жай комплекси үчүн Кант шаарынын батыш тарабындагы №3 контурдан жалпы 60 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоордун алкагында 150 жети кабаттуу турак үйдүн курулушу каралып, кошумча түрдө 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча салынат.
Батирлер төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
— 1 бөлмөлүү — 1050 батир;
— 2 бөлмөлүү — 3150 батир;
— 3 бөлмөлүү — 1050 батир.
Мындан тышкары, турак жай комплексинде жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана башка социалдык инфраструктура объектилери курулат.
Адылбек Касымалиев долбоордун социалдык маанисине токтолуп, курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, мындай масштабдуу долбоорлор калктын турак жайга болгон муктаждыгын азайтып, аймактын инфраструктуралык өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет.