Каныбек Туманбаев: «Кызматтар өзгөрөт, бирок Кыргызстан калат»
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен кийин билдирүү жасап, иш-чараны уюштурууга салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.
«Урматтуу мекендештер, ардактуу меймандар!
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин баарыбыз биргеликте, чоң толкундануу менен өткөрдүк.
Элибиздин кубанычын, желбиреген Кыргызстандын туусун, миңдеген адамдардын көзүндөгү сыймыкты көрүп, акыркы бир жылдагы эмгек, уйкусуз түндөр, чоң жоопкерчилик — баары көз алдыма келди.
Биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем.
Президенттин ишеними, колдоосу жана чечкиндүүлүгү болбогондо, мындай масштабдагы иш-чараны өткөрүү мүмкүн болмок эмес.
Садыр Нургожоевичтин жасап жаткан ар бир ишинин артында чоң максат бар — Кыргызстан, кыргызстандыктар жана келечек муундардын жаркын келечеги.
Өлкөбүз өнүксүн, элибиздин башы бийик болсун, Кыргызстандын атын дүйнө таанысын, бай тарыхыбыз, маданиятыбыз, каада-салтыбыз, Манас дүйнөсү жана улуу мурасыбыз дүйнөгө таанылсын деген максат менен чоң иштер жасалып жатат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — жөн гана оюн эмес. Бул — кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын дүйнөгө көрсөтүү.
Биздин да максатыбыз бир болду — Кыргызстанды дүйнөгө татыктуу көрсөтүү!
Албетте, кемчиликтер болгон болсо, элибизден кечирим сурайбыз. Бирок таза абийир менен айта алам: Кыргызстан үчүн колдон келгендин баарын кылдык.
Социалдык тармактардан «Кыргызстаным менен сыймыктандым» деген сөздөрдү окуганда көзгө жаш келди… Бул — биздин эмгегибизге берилген эң чоң баа.Бул күндүн артында миңдеген адамдардын эмгеги турат. Күн-түн дебей иштеген ар бир адамга башымды ийип рахмат айтам!
Урматтуу Садыр Нургожоевич, ишенимиңиз жана Кыргызстан үчүн жасап жаткан эмгегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем!
Биз бүгүн кызматтабыз,бир күнү башка адамдар келет. Убакыт өтөт, кызматтар өзгөрөт. Бирок Кыргызстан калат.
Элибиз калат. Тарыхыбыз, маданиятыбыз, мурасыбыз калат. Биздин бир гана Мекенибиз бар — ал биздин Кыргызстан! Кудайым Президентибизди, элибизди жана жерибизди сактасын! Ийгиликке чогуу кубанып, жакшылыкка бирге сүйүнөлү!— деди ал.