Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы курулуп жатат

3-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 46

Кара-Балта шаарына түрк инвесторлору текстиль фабрикасын куруп жатышат. «Декна Бишкек текстиль» ишканасынын өкүлү Йылмаз Алдуз өткөн жылы курулушу башталган текстиль фабрикасы жалпы 93 миң чарчы метр жерге жайгашкандыгын билдирди.
Курулуш иштери башталган тарта фабрикага 10 млн доллар жумшалып, 2025-жылга чейинки 1-этабында 22 млн доллары сарпталаары мерчемделген.

Ал эми долбоордун жалпы наркы 27 млн доллар деп эсептелген. Анда алгач 400дөй адам эмгектенип, күнүнө 20 тоннадай жип жана кездеме өндүрүлөт.

2027-жылы фабрика толук бүткөрүлсө, 1200дөй киши иштеп, күнүнө 100 тонна товар чыгарылат. Жумушчулардын көпчүлүгү аялдар болоору да болжолдонууда. Өндүрүлгөн товардын 85%га жакыны коңшу өлкөлөргө жана Европа мамлекеттерине экспорттолот.

3-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X