Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев МИКтин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, анда коррупцияны алдын алуу, кадрлардын квалификациясын жакшыртуу милдети коюлган. Бул тапшырмалар компаниянын ишин жакшыртып, социалдык долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды.
«Президент Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу иштери башталат. Атап айтканда, Талас, Кара-Балта, Токмок, Сокулук, Айдаркен, Кемин, Кант шаарларында жана Ысык-Ата районунда жаңы үйлөр курулат. Бул иш-чаралар аймактардагы жарандарды турак жай менен камсыздоону жакшыртууга жардам берет», — деп айтылат маалыматта.